«МАСТЕР ПЛАСТ» ЖЧК ишканасы полиэтилен жана полипропилен продукциясын өндүрүү чөйрөсүндө динамикалуу өнүгүп жаткан компания.

Кыргызстандын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунда 2002-жылдан бери иштеп жаткан ишкана жогорку сапаттуу ар түрдүү буюмдарды даярдоонун мыкты өздөштүргөн: кесилген/илме саптары бар бренд пакеттери, азык-түлүк, жарым фабрикаттар үчүн таңгактагыч пакеттер, кагаз майлыктар, ошондой эле Заказчынын дизайны менен өндүрүлө турган продукциянын көптөгөн башка түрлөрү.

Бүгүнкү күнү өндүрүш үчүн заманбап жабдууларды жана Россиядан, Түркиядан жана Кореядан өндүрүлгөн чийки заттарды пайдаланып –  биз өндүргөн продукциянын ассортименти менен жана кыска мөөнөттө чоң көлөмдүү заказдарды даярдоо менен биз заказчылардын бардык керектөөлөрүн канааттандырууга жөндөмдүүбүз.

Өндүрүштүк кызматчылардын биримдиги жана кесипкөйлүгү продукцияны даярдоо мөөнөттөрүн кыскартууга жана чыгарылып жаткан продукциянын сапатын камсыздоого мүмкүндүк берет.

Азыркы убакта биздин продукцияларыбыз бардык жерлерде азык-түлүктөрдү, химиялык, косметика, айыл чарба, курулуш, алкоголь жана алкаголсуз продукцияларды таңгактоочу жана ал түгүл изоляциялагыч материал катары дагы колдонулат.

 

«МАСТЕР ПЛАСТ» ЖЧК ишканасынын бардык продукциясы сертификатталган жана Кыргызстандын Мамлекеттик стандартынын талаптарына шайкеш келет.

      Ар бир Заказчыга жекече мамиле – биздин ишибиздин артыкчылыктуу багыты.

     Биздин заказчыларыбыздын катарында Кыргызстандын ири мега-компаниялары («Coca-Cola», «O», «Beeline» ж.б.) менен катар эң кичине ишканалар, биздин өлкөнүн ар башка тарабында, ошондой эле жакынкы чет өлкөлөрдө жайгашкан чакан бизнестин жаңыдан иштеп баштаган ишканалары дагы бар.

         Биз иштеп жаткан 15 жылдын ичинде ишкана товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ишенимдүү өнөктөш репутациясына ээ болду.